18:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында алтынды кайра иштетип келишкен

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында алтынды кайра иштетип келишкен. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматта Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы менен бирге баалуу металлдарды камтыган кендерди кайра иштетүү боюнча мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү фактылары аныкталганы айтылат.

Бажы кызматынын жана «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын кызмат адамдарынын колдоосу менен уруксат берүүчү документтери жок жеке фирмалардын бири, уулуу заттарды колдонуу менен техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарын бузуп, курамында алтынды камтыган кендерден алтынды бөлүп алуу боюнча көп убакыттан бери мыйзамсыз аракеттерди жүргүзүп келгендиги тастыкталды.

Белгиленген факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар