Боршайком Жогорку Кеңешке шайлоонун партиялык тизме боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарды.Чечим бүгүн кабыл алынды.
21 партиянын алтоосу 5 пайыздык босого чекти өтүп, парламентке келет.
- «Ата Журт Кыргызстан» (15 мандат, 5 аял);
- «Ишеним» (12 мандат, 4 аял);
- «Ынтымак» (9 мандат, 3 аял);
- «Альянс» (7 мандат, 3 аял);
- «Бүтүн Кыргызстан» (6 мандат, 2 аял);
- «Ыйман Нуру» (5 мандат, 2 аял).
Белгилей кетсек, шайлоого «Альянс» партиясынын тизмесинде катышкан Жанар Акаев кайра Жогорку Кеңешке келбей калышы ыктымал. Анткени партия квота боюнча 3 аялды өткөрүүсү керек.