Жогорку Кеңешке шайлоонун 32 бир мандаттуу округу боюнча жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Боршайком билдирди.
Үч округ боюнча чечим чыга элек.
БШКнын билдирүүсүндө, Талас, Чүй-Кемин жана Ысык-Ата округдарынан озуп чыккан талапкерлер боюнча маалыматтар текшерилүүдө.
Эгер бул округтардагы мыйзам бузуулар аныкталса, кайра шайлоо өтүшү ыктымал.