13:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча алты партия 5 пайыздык чектен өттү

Парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы добуштардын эң көбүн алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.

Бул партиянын коомчулукта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге байланышы бар экени айтылып келет. Партия лидери Айбек Маткеримов теледебатта «Ташиевге эч кандай тиешеси жок» экенин билдирген.

Саат 22:00гө карата 2300гө жакын шайлоо тилкесиндеги добуштардын жыйынтыгы борбордук автоматташкан системага түшкөн. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси бар.

Электрондук үкөктөрдүн автоматтык эсебинин болжолдуу жыйынтыгына ылайык алты партия 5% чектен өттү.

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 16.70%
  • «Ишеним» — 13,35%
  • «Ынтымак» — 10,65%
  • «Альянс» — 8,09%
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 6,65%
  • «Ыйман нуру» — 5,93%
Эң көп окулган жаңылыктар