09:34
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте коронавируска каршы кайталап эмдөө башталды

Бишкекте 17-ноябрдан баштап коронавируска каршы ревакцинация (кайталап эмдөө) башталды.

Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, адамдар бүгүнтөн тарта борбор калаадагы бардык убактылуу эмдөө пункттарынан COVID-19га каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын алса болот.

Калган аймактарда кошумча доза менен эмдөө бир жуманын ичинде башталат.

Коронавируска каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын орточо жана оор иммундук жетишсиздиги бар адамдар, мурда Sinofarm, Sinovac вакциналарды сайдырган 60 жаштагы жана андан улуу адамдар алат.

Ошондой эле коронавирус жугуу коркунучу өтө жогору медициналык кызматкерлерге, COVID-19 вирусунан жапа чеккен адамдарга да ревакцинацияга уруксат берилди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин кайталап эмдөө (ревакцинация) адамдын антитело көрсөткүчү текшерилгенден кийин жүргүзүлөрүн айткан.