Жогорку Кеңеш Токон Мамытовдун акыйкатчы кызматынан кетүү тууралуу арызын 20-октябрда канааттандырды.
Мамытов парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтан бошоду. Ал депутаттыкка талапкер болуп жатканын Борбордук шайлоо комиссиясы 19-октябрда кабарлаган.
2018-жылдан бери акыйкатчы болуп иштеген Мамытов «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинде Жогорку Кеңешке ат салышмакчы.