«Бишкексууканал» башкармалыгынын маалыматы боюнча, 14-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бул «Батыш-2» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу.
Үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу өчүрүлөт.
Ала-Арча суусу — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары жана — Жаш Гвардия — темир жол линиясы — Фрунзе — Манас көчөлөрү чектешкен аймакта суу токтотулат.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты жана уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууну суранат.