00:56
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүрдүн ордуна акча берилет

2021-2022-жылытуу мезгилине карата калк үчүн 123 миң тонна көмүр сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Калк тарабынан көмүр сатып алуу график боюнча 2021 -жылдын июлунан башталган. 2021 -жылдын 1-октябрга карата 55,9 миң тонна көмүр даярдалды, бул жылдык пландын 45 пайызын түзөт.

Жарандардын жеңилдетилген категориясына акчалай компенсация төлөнөт, ал 4 миң 105 үй-бүлөгө 21,45 миллион сом суммасында каралган. 3 миң 672 үй-бүлө буга чейин 18,47 миллион сом өлчөмүндө компенсация алышкан, бул 89 пайыздытүзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар