08:11
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат

Садыр Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабар берди.

Мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумун өткөрүүгө байланыштуу эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга катышат.

Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) катышуучу өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуп, Биримдик алкагында кызматташтык маселелери жана интеграция чараларын тереңдетүү боюнча пикир алмашат.

Андан кийин Жапаров Ысык-Көл облусу боюнча иш сапарын баштап, ал жакта эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышып, ошондой эле өндүрүштүк жана өнөр жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Эң көп окулган жаңылыктар