15:10
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

COVID-19. Эмделгендердин саны 900 миңден ашты

Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 900 миңден ашты. Бул талап кылынган көрсөткүчтүн 38 пайызын түзөт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтындагы соңку маалыматка караганда, алардын 614 миңи вакцинанын биринчи дозасын, ал эми 304 миңи экинчи да дозасын алгандар.

Өлкөнүн калкы 6,5 миллионду түзөт, анын 3,4 миллионун өкмөт COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек болгон максаттуу топ деп аныктаган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки курактагылардан жана тыштагы эмгек мигранттарынан башкалардын баары кирген. 3,4 миллиондун 2,4 миллиону, башкача айтканда, 70 пайызы эмделсе өлкөдө жамааттык иммунитет калыптанары айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар