06:39
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 468 кишиден вирус аныкталып, 7 киши каза болду

Кыргызстанда 13-августка карата коронавирус дагы 468 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 262, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 72, Ош облусунда — 12, Талас облусунда — 8, Нарын облусунда — 12, Ысык-Көл облусунда — 37, Жалал-Абад облусунда — 37, Баткен облусунда — 25 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 656 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 1101, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 131, Ош облусунда — 44, Талас облусунда — 19, Нарын облусунда — 44, Ысык-Көл облусунда — 99, Жалал-Абад облусунда — 120, Баткен облусунда — 88 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 283 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 668 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 650 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 233 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 171 миң 238 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 161 миң 450 киши айыгып чыкса, 2 миң 433 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар