12:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

COVID-19. Вирус жуктургандар жана каза болгондор катталган жок

Кыргызстанда 10-майга карата коронавирус аныкталган адамдар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө амбулатордук түрдө 4 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 406 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар