04:02
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

COVID-19. Вирус жуктургандар жана каза болгондор катталган жок

Кыргызстанда 2-майга карата коронавирус аныкталган адамдар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө амбулатордук түрдө 5 адам дарыланууда, экөө сакайып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 405 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар