04:43
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

SMagic паркынын кызматкерине кол салган адамга УКМК эскертүү жасады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте балдар аянтчасынын кызматкерине карата көрсөтүлгөн зомбулук окуясы боюнча комментарий жарыялап, кылмышка шектүү адамга Кыргызстанда Конституция боюнча орус тили кыргыз тили сыяктуу эле мыйзамдуу макамга ээ экени тууралуу расмий эскертүү берди.

Мекеменин 9-августтагы билдирүүсүндө айтылгандай, кимдир бирөөнү өңү-түсүнө, расасына, улутуна же карманган динине байланыштуу басмырлоо Кыргызстанда кылмыш катары бааланат жана Жаза кодексинин 313-беренесинин негизинде 10 жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралган.

Бишкекте балдардын оюн аянтчасынын кызматкерине карата жасалган зомбулук фактысы Жазык кодексинин «Майда ээнбаштык» деген беренеси менен каттоого алынганын 5-августта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмышка шектүү адам милиция бөлүмүнө жеткирилген. Кызматкер алган жарааттын деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган, бирок ал өзү баш тартып койгон.

Окуя 2-августта болгонун SMagic паркынын администрациясы кабарлаган. Алардын айтымында, баласын аянтчага ойноткону алып барган ата кызуу абалда болчу. Ал тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. «Мындай үрөй учурган окуяны биз көңүл жаздымда калтыра албайбыз» деп билдирген администрация.

Окуянын видеосу ушу тапта социалдык түйүндөрдө тарап жатат. Андан эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, бир убакта столдо жаткан калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот.

Айрым интернет колдонуучулары милиция ишти ээнбаштык катары эмес, улут аралык кастыкты козутуу катары каттоого алышы керектигин жазып жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума