19:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президент Эдил Байсалов менен Алтынбек Максутовго эскертүү берди

Тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовго эскертүү берилди. Тиешелүү тескемеге садыр Жапаров кол койду.

«Бул чечим Сербиядан Кыргызстанга кайтып келген күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлерин тосуп алууну жетиштүү деңгээлде уюштурбагандыгына байланыштуу кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Белградда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи.

Айсулуу Тыныбекова үчүнчү жолу дүйнө чемпиону болду. Мындай жыйынтыкка Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жетишилди.

Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков дүйнөнүн эки жолку чемпиону болушту.

Ошондой эле Айпери Медет кызы күмүш, Тайырбек Жумашбек уулу коло медаль алды.

Кыргызстандын капчыгында Париж Олимпиадасына азырынча беш лицензия бар. Эми Айпери Медет кызы жана Айсулуу Тыныбекова (эркин күрөш), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү) үчүн башкы спорттук сезон башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар