03:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өкмөт башчы милдеттерин талаптагыдай аткарбаган жетекчилерге эскертүү берди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев милдеттерин талаптагыдай аткарбаган жетекчилерге эскертүү берди. Ал тиешелүү буйрукка кол койду.

Эскертүү Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге, Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевге, Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжановго жана Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар