06:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

COVID-19. Бир суткада 696 кишиден вирус аныкталып, 9 киши каза болду

Кыргызстанда 4-августка карата коронавирус дагы 696 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 339, Ош шаарында — 10, Чүй облусунда — 84, Ош облусунда — 44, Талас облусунда — 14, Нарын облусунда — 15, Ысык-Көл облусунда — 50, Жалал-Абад облусунда — 89, Баткен облусунда — 51 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 681 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 1 миң 179, Ош шаарында — 41, Чүй облусунда — 120, Ош облусунда — 73, Талас облусунда — 29, Нарын облусунда — 25, Ысык-Көл облусунда — 29, Жалал-Абад облусунда — 80, Баткен облусунда — 105 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Чүй облусунда 2, нарын менен Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 393 бейтап, амбулатордук түрдө 8 миң 270 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 536 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 980 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 166 миң 236 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 150 миң 852 киши айыгып чыкса, 2 миң 363 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар