16:11
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Өзбекстан Бишкекке газ менен жүргөн 40 автобус берет

Шаардын борбордук бөлүгүндө экологиялык жактан таза муниципалдык коомдук транспорт гана каттайт. Бл тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көйгөйдү чечүү үчүн биринчи кадам жасалды. Июнь айында линияга Өзбекстанда чыгарылган ISUZU үлгүсүндөгү 50 автобус кирди. Бул компания менен түзүлгөн келишимдин алкагында, дагы 40 автобус жеткирилет. Бирок булар газ менен жүрүүчү автобустар.

2023-жылга чейин алар газ менен иштеген 1миң унаа жеткириши керек. Ал эми кийинки жылы ден соолугунан мүмкүнчүлугү чектелген адамдар үчүн пандустарды камтыган 350 автобус, анын ичинде ири автобустар алынып келинет.

Эл аралык донорлор менен келечектүү долбоорлор бар. ЕРӨБ «Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспорттук тутумун өркүндөтүү» долбоорун пландаштырууда. Долбоорго ылайык, жаратылыш газы менен иштеген автобустарды сатып алууну жана автобус паркын оңдоону пландалып жатат.

АӨБ «Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоорун ишке ашырууну пландап жатат. Ал эки фазага бөлүнөт. 1-фаза — электр автобустарын сатып алуу, 2-фаза — муниципалдык транспорттогу маселени изилдөө. Долбоордун алкагында 120дан ашык электр автобустарын жана ДЕПОну модернизациялоо пландаштырылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар