21:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

БУУ: Ооганстанда каза болгон жай тургундар кескин көбөйдү

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) май жана июнь айларында Ооганстанда дээрлик 2400 жай тургун набыт болуп же жараат алганын кабарлады. Бул 2009-жылдан берки эң жогорку эки айлык көрсөткүч болуп калды.

БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын маалыматына караганда, быйыл алты айда 5180ден ашык жай тургун жабыркаган. Алардын ичинен 1659 жаран набыт болгону миссиянын 26-июлда тараткан баяндамасында айтылат. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 47% көп. Буга «Талибан» кыймылы менен өкмөттүк күчтөрдүн май айынан баштап күчөгөн салгылаштары себеп катары көрсөтүлгөн.

Өлкөдөгү соңку салгылаштардан бейажал өлгөндөрдүн дээрлик жарымы аялдар менен балдар. Тактап айтканда, акыркы алты айда 468 бала жана 219 аял киши колдуу болуп, 1214 бала менен 508 аял ар кандай жаракаттарды алган.

«2021-жылдын биринчи жарымында ажал тапкандардын дээрлик жарымын аялдар, жаш балдар жана кыздар түзгөнү терең тынчсыздануу жаратат», — деп айтылат баяндамада.

АКШнын президенти Ооганстандан америкалык аскерлер быйыл 31-августка чейин толук чыгарыларын жарыялаган. Ошондон кийин «Талибан» кыймылы күчөп, өлкөнүн бир нече аймагын басып алууга жетишти. Мындан улам ооган аскерлери менен жай тургундар чектеш өлкөлөргө өтө качууда.

Өткөн аптада ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Катардын Доха шаарында тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп, бирок мунасага келген эмес. Тараптар болгону келе жаткан апталарда кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча макулдашып тараган.

Эң көп окулган жаңылыктар