Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө 7-июль күнү саат 11:07де болгон.
Жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу айылында 3 балл, Оттук, Орто-Токой айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.