08:33
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугушту

Садыр Жапаров кечээ Душанбеге учуп келди. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчылары «Бахор» резиденциясында жолугушуусу болду. Бирок бул боюнча Садыр Жапаровдун маалымат кызматы эч кандай маалымат тарката элек.

Буга чейин Душанбеде эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелери талкууланары айтылган.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустөмбеков;

— транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;

— Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;

— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. 

Эң көп окулган жаңылыктар