13:10
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кыргызстан АКШнын аскердик базасын киргизүү үчүн 2 мамлекеттин макулдугун алышы

Кыргызстан АКШнын аскердик базасын киргизүү үчүн 2 мамлекеттин макулдугун алышы керек. Мындай пикирин саясатчы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан 2014-2015-жылдары сырттан аскерий база киргизүү ЖККУнун уруксаты менен болот деген чечим кабыл алып койгон. ЖККУ — бул Орусия. Демек, америкалык аскер базаны киргизүү үчүн Орусиянын макулдугу керек.

«Орусия менен кантип сүйлөшсөк болот дегенде, азыр Орусиянын Батыштан көз карандылыгы аябай күчөдү. АКШ башында турган Батыш Орусияга басымды бардык жагынан жасап жатат: технологиялык, акча которуу, каражат, экономикалык жактан. Орусиянын азыр Батыш менен иштешүү каалоосу мурдагыдан да күчтүү. Батыш менен иштешпей турган болсо, алардын экономикалык өнүгүүсү аябагандай күмөндүү болуп эсептелет. Ушул себептен биздин бийликте Орусия менен сүйлөшкөнгө кандайдыр бир деңгээлде мүмкүнчүлүк бар», — дейт саясатчы.

Ошондой эле анын пикиринде акыркы учурларда бизге Кытайдын да таасири абдан күчөгөндүктөн, ал мамлекет менен да эсептешүүгө туура келет.

«Биз аларга 2 миллиардга жакын акча карызбыз. Бул үчүн биз чоң үстөк акча төлөп жатабыз. Ошон үчүн Кытай менен да эсептешүүгө туура келет. Башка мамлекеттер менен сүйлөшүп кереги жок. Дипломатиялык жол менен ушул 2 мамлекетти чечсек, базанын Кыргызстанга келүүсү биздин экономикабыздын өнүгүүсүнө жакшы шарт түзмөк», — дейт Равшан Жээнбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү