Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
31-майда болжол менен саат 00:08де Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Ак-Суу районунун Кургак айылында 3,5 баллга, Таш-Короо айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.