09:18
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Бишкекте эмдөө алуу үчүн кошумча пункт ачылды

Борбор шаардагы студенттер поликлиникасында COVID-19га каршы эмдөө алуу үчүн кошумча пункт ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Кабыл алуу Рыскулов көчөсү 8 дарегинде саат 15:00дөн түнкү саат 23:00 гө чейин жүргүзүлөт, маалымат үчүн телефон: 0(312) 66 52 63.

Бүгүнкү күнгө карата 16 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү, анын ичинде 65 жаштан жогору курактагы жарандар, медиктер, педагогдор, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле бардык каалоочулар бар.

Эң көп окулган жаңылыктар