Бишкек-Ош унаа жолунун 219-чакырымында Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын чиркегичи жана жүктөлгөн ун күйгөн. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
Азыркы учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бир сутканын ичинде 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.