20:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өнөкөт оорулары бар бейтаптар үчүн ооруканаларда орундар жетиштүү

Өнөкөт оорулары бар бейтапар үчүн орундар жетиштүү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ыкчам медицина борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов маалымдады.

Анын айтымында, инфаркт жана жүрөк оорусу менен жабыркагандар көбүрөөк кайрыла башташкан.

«Биз мындай чалууларга, дегеле жардам сурап кайрылгандардын барына барабыз. Биз үчүн бейтаптын жүрөгү ооруп жатабы же дем жетпей жатабы эч кандай айырмасы жок. Жардамды барына бирдей көрсөтөбүз. Жүрөк оорусу менен кайрылгандарды Улуттук кардиология борбору кабыл алат. Реанимацияда орундар жетиштүү. Ошондой эле Чүй облустук ооруканага, Улуттук хирургия борборуна дагы жеткиребиз. Жогорудагы клиникаларгага жаткыруу эч кандай көйгөй жаратпайт. Учурда «Ганси» стационарында ачылган реанимацияга өпкөсүнөн оор жаракат алган бейтаптарды кабыл ала башташты. Ошондой эле, наркология борборуна пневмония илдетинин оор түрү менен ооругандарды жеткиребиз. Бирок ал жакта бат эле орундар толуп калат. Башкача айтканда, көп болсо бир-эки күн, андан кийин тыгын», — дейт Искендер Шаяхметов.

Ал тез жардам кызматына дарыгерлер жетишсз экендигин кошумчалады. Бирөө айыгып чыкса, бирөө ооруп калып жатат. Жалпысынан 100гө чукул дарыгер керек.

Эң көп окулган жаңылыктар