USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Нүргүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы болду

10:48, 22 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Жогорку соттун төрайымы болуп Нүргүл Бакирова дайындалды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы билдирди.

Анын маалыматында, бүгүн Жогорку соттун судьялары чогулуп, жетекчисин жана анын орун басарларын дайындашты.

«Соттор Нүргүл Бакированын талапкерлигин бир добуштан колдошту. Төрайымдын орун басарлыгына Качыке Эсенканов дайындалды», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Жогорку соттун мурдакы төрайымы Гүлбара Калиева ага каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу кызматынан убактылуу бошотулган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика