19:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Кумтөр» ишканасы жыл башынан бери бюджетке 2,5 миллиард сом которду

«Кумтөр» кенинде алты айда 266 023 унция же 8 274,25 кг алтын өндүрүлгөн. Бул боюнча «Центерра Голд» жана «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын 2017-жылдын II чейрегиндеги ишинин жыйынтыгында маалымдалат.

Анда, биринчи жарым жылдыкта «Кумтөрдө» 266 023 унция же 8 274,25 кг алтын өндүрүлгөндүгү жана 4,7 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгондугу айтылат.

Өндүрүш жана сатып өткөрүү

2017-жылдын экинчи чейрегинде Кумтөрдө 138 623 унция алтын өндүрүлгөн, а 2016-жылы ушул эле мезгилинде өндүрүүнүн көлөмү 97 724 унцияны түзгөн. Ишкананын билдирүүсүндө, алтын өндүрүүнүн көлөмү № 17 иш участогунан мурдагы жылдары алынган кампалык запастардагы бай кендеги натыйжалуу пайдалануунун жыйынтыгында көбөйүп жатат.

Бул мезгилде фабрикага алтындын орточо курамы 3,53 г/т руда берилген, ылгап алуу 79,3 пайызды түзгөн (2016-жылы ушул чейректе бул көрсөткүчтөр 2,63 г/т жана 71,9%ды болчу).

Ал эми сатылган алтын көлөмү — 135 235 унций, же 4,21 тонна га жетти. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 168,6 миллион доллар болду.

Белгилей кетсек, «Кумтөрдө» өндүрүлгөн Доре куймаларын «Кыргызалтын» ААКсынын жана өкмөттүн ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндөгү макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн «Кыргызалтын» сатып алат. Анткени, «Кыргызалтын» ишканасында гана аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргызстандын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугу бар.

Өлкө бюджетине төлөмдөр жана которуулар
Үстүбүздөгү жылдын башынан бери бюджетине салыктар, социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 2,5 миллиард сомду түздү.

Ишкананын ички менеджементинде дагы өзгөрүүлөр бар. Компаниянын жетекчиси Скотт Перинин айтымында, бардык бөлүмдөрдө «Work Safe, Home Safe» деген коопсуздуктагы лидерлик программасын киргизүүнү улантылууда.

«Кумтөр» алтын өндүрүүнун жылдык прогнозун көбөйтүп, 525 000 — 555 000 унцийдин чегинде белгиледи. Андан тышкары, негизги фондуларды колдоого чыгымдар боюнча эсептик пландык көрсөткүчтөрдү сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына 751-795 доллар деңгээлине чейин төмөндөттү.

«Бизде алтын өндүрүү көлөмдөрү боюнча түзөтүлгөн жылдык көрсөткүчтөрдү ийгиликтүү аткара турганбызга жана компания негизги фондуларды колдоого көрсөткүчтөр боюнча дүйнөлүк мыкты алтын өндүрүүчүлөрдүн ичине кирерибизге бардык негиздер бар» — дейт Скотт Пери.

Жыйынтык тууралуу маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.

Эң көп окулган жаңылыктар