Талас облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 31-мартта таңкы саат 07:43тө Талас облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Жер титирөө Кара-Буура районунун Көк-Сай, Шекер жана Кара-Сай айылдарында — 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.