15:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кен боюнча түзүлгөн депутаттык топтун жыйынтыгы алдын-ала белгилүү

Кыргызстанга мыйзамдарды жана экологиялык нормаларды сактаган инвесторлордун келиши күмөн. Бул тууралуу тарыхый илимдердин доктору, Борбордук Азия боюнча талдоочу Игорь Панкратенко билдирди.

«Мамлекеттик эмес инвестициянын мамлекеттик башчыларлардын деңгээлине чыгып, эң жогорку деңгээлде талкууланып жатса, анда ахыбал начар. Кыргызстан инвестордун ишениминен чыкты. Кыргызстанга мыйзамдарды жана экологиялык нормаларды сактаган инвесторлордун келиши күмөн», — дейт ал «Жерүй» кенинин иштешине Россиянын президенти Владимир Путиндин катышы боюнча.

Анын айтымында, Владимир Путиндин алтын иштетүүчү компаниянын ачылышына катышуусу кокустук эмес.

«Эгер Кыргызстанда бийликтин алмашуусу мыйзам чегинде чыкпаганда,анда бул өлкөнүн ички иши катары калмак. Бирок, өлкөдө бийлик алмашуу күч менен ишке ашып, менчикке кол салуу, рейдердик басып алуулар жана инвесторго чыгымдар менен коштолот», — дейт россиялык талдоочу.

Ар бир бийлик алмашуудан кийин келишимдер кайра каралып, чет элдик инвесторго каршы митингдер өтөт.

Игорь Панкратенко

«Мындай кырдаал Москваны чарчатты. 2020-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин россиялык инвестордун мүлкү күйүп кетиши чыдамын биротоло кетирди. Андыктан Россия өз инвесторлорун коргой аларын көрсөтүүнү чечти», — дейт ал.

Талдоочунун айтымында, «Кумтөр» менен «Жерүйдүн» айланасында болуп жаткан окуялар өлкөдөгү башаламандыкты гана далилдейт.

«Алтын кенине Москва көз салып турат. Эгер мүмкүн болсо, мен Канада дагы башка өлкөдөгү жеке менчик бизнеске байкоо салууну сунуштайт элем. Анткени, Кыргызстанда инвестицияны коргоону башка жолу жок», — дейт Игорь Панкратенко.

Кенди текшерип жаткан азыркы депутаттык топтун бүтүмү дагы белгилүү.

Игорь Панкратенко

«Кыргызстанда текшерүүлөрдүн түпкү максаты — инвестордон компенсация жана төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүү гана болуп саналат. Алар экологиялык коопсуздук жана башка маселелерди эл көзүнө гана көтөрүп, компанияда кемчиликтери жок болсо дагы табышат», — дейт Игорь Панкратенко.

Эң көп окулган жаңылыктар