22:29
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кытай компаниясы энергетикалык ишканаларга 200 миң долларга эмерек сатып берген

«Электр станциялары» ишканасы Жогорку Кеңештин депутаттарын кытайлык гранттын эсебинен сатылып алынган эмеректердин тизмеси менен тааныштырды. Бул тууралуу парламенттик комиссиянын жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, бардыгы болуп эмерек сатып алууга 200 миң доллар сарпталган. Айлануучу отургучтардын бир даанасы 116 доллардан тартып 203 долларга чейин сатылып алынса, 326 долларга китеп текчелери сатылып алынган. Ал эми үстөлдөрдүн бир даанасы 130 доллардан, айрымдары 36-81 доллардан алынган. Столдордун наркы 146-116 долларды түзгөн.

Эмеректердин көпчүлүгү Бишкек электр жылуулук борборуна коюлган. Тактап айтканда ишканага 110 айланма отургучтар, 85 стол, 115 китеп текчеси, 570 үстөл сатылып алынган.

Эскерте кетсек ТВЕА ишканасы Бишкек жылуулук борборун 386 миллион долларга модернизациялаган. Андан тышкары 20.3 миллион долларды грант эсебинде эмеректерди, жабдыктарды сатып алууга жана мектеп курууга бөлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар