06:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жанар Акаев: Добуш берүү үчүн депутаттар чет өлкөдөн учуп келди

Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн референдум жарыялоо боюнча мыйзам долбооруна добуш берүүдө депутаттарга кысым көрсөтүлдү. Бул тууралуу журналисттерге депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, депутаттарга бүгүнкү жыйынга сөзсүз түрдө катышуу керектиги эскертилген.

«Айрым депутаттар түнү менен Оштон келишти, кээ бирлери чет өлкөдөн учуп келди. Абактагы депутатты атайын чыгарып жатышат. Өткөндө мыйзам долбооруна каршы берген депутаттарга кысым көрсөтүлгөндүктөн алар келген жок. Мындай басым Атамбаевдин дагы, Бакиевдин дагы убагында болгон эмес. Залдан чыкканда баары мага туура айттың деп айтышканы менен өздөрү жыйында сүйлөй алышпайт», — дейт Жанар Акаев.

Ал Конституциянын жаңы долбоору Садыр Жапаровго 2037-жылга чейин президент болууга жол ачып жатканын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар