05:13
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргызстанда көпчүлүк дарыгерлер кытай вакцинасын алуудан баш тартууда

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү, эпидемиолог-иммунолог Бурул Асыкбекова «Азаттыкка» билдирип, мындай аракеттердин себептери жана саны эмдөө башталгандан кийин белгилүү болоорун айтты.

«Улуттук пландын негизинде вакцинаны ким алаарын такташыбыз керек. Ооруп айыккан медкызматкерлердин арасында вакцинадан баш тарткандар көп болду. Азыр Интернет булактарында көп маалыматтар чыгып жатат. Аны бардыгы эле окуп жатышат. Көпчүлүк Орусиянын вакцинасын алабыз деп жатышат», — деди Асыкбекова.

Кыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү келаткан дүйшөмбүдө — 29-мартта баштаганы жатат. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Эң көп окулган жаңылыктар