14:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат

Коронавируска каршы эмдөөнүн алгачкы этабы Кыргызстанда 29-мартта башталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Ушул тапта Ош шаары менен Чүй облусундагы эмдөө пунктуларында вакциналар даярдалып жатат. Ошондой эле Иммунизация боюнча илимий-техникалык топтун адистери вакцинага документтерди камдап жатканы айтылды.

Биринчи этапта вакцина Тез жардамда, «кызыл зонада» иштеген, оорулуулар менен түздөн-түз байланышта болчу медиктерге, ошондой эле мугалимдер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерине сайылары айтылды.

Бул этапта Кытайдын SinoPharm вакцинасы пайдаланылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби