Азиз Аалиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды. Тийиштүү чечимге фондунун уставынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, премьер-министри Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, фондунун башкармалыгын жетектеген Нурлан Мамытов кызматынан бошотулду. Тийиштүү чечимге премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.