22:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкек — Ош жолунда жеңил унаа жардан кулап түштү

24-февраль күнү Бишкек — Ош унаа жолунун 371-чакырымында (Капчыгай тилкеси) «Тойота-Естиманын» айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып, жардан түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, унаада эркек адам болгон.

Куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жерине барышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, айдоочуну Кара-Көл шаардык ооруканага жеткиришкен. Абалы канааттандыраарлык.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума