USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Сузакта жол кырсыгынан бир адам каза болду

10:00, 24 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

23-февраль күнү Сузак районунун Таш-Булак айылында Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1963-жылы туулган эркек киши каза болуп, 1967-жылы туулган аял жабыркаган.

Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган аялды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен, ал эми каза болгон адамдын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18