Чүйдө ГЭС-2 айылында турак үй жарылып, быйыл 13 жашка чыга турчу өспүрүм каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кырсык 11-февралда, Аламүдүн районунда болгон. Анда Гагарин көчөсүндө жайгашкан № 68 турак үй жарылган. ӨКМ кабарлагандай, кырсык газ түтүгү жарылгандан улам келип чыккан.
«Кырсыктын кесепетинен 13 жаштагы өспүрүм каза болуп, дагы бирөө жабыркаган», — деп айтылат маалыматта.