05:13
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

УКМК: Муфтият ажылыкка топтолгон акчаны карызга берип, андан пайыз алган

Муфтияттын жетекчилиги ажылыктан топтолгон акчаны мыйзамсыз колдонгон. Бул тууралуу 24.kg агенттигине УКМК билдирди.

Алардын маалыматында, жеке менчик финансалык уюмдарга 100 миллион сомдон өйдө акча карызга берилген.

«Муфтияттын жетекчилиги ал финансалык уюмдардан процент алып турган. Бул фактыны текшерүү учурунда УКМКнын кызматкерлерине 100 миң доллар өлчөмүндө пара сунушталды. Бул факт боюнча «Пара берүү» беренеси менен иш козголуп, муфтияттын башкы бухгалтери кармалды», — дейт УКМК.

Муфтияттын башкы бухгалтери УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума