12:06
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанда 15 балада Кавасаки синдрому аныкталды

Кыргызстанда 15 балада Кавасаки сымал синдрому аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Эне жана баланы сактоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

Айтымында, учурда дагы 13 өспүрүмгө диагноз коюлуп жатат.

«Бирок булардын диагнозу тастыкталбайт деп ойлойм. Оорулуулардын абалы туруктуу оор. Өтө оор абалдагылар да болгон, учурда алардын абалы турукташты. Бейтаптардын жаш курагы — 2 жаштан 16 жашка чейин. Алар бизге республиканын жети дубанынан келип түштү», — деди Камчибек Узакбаев.

«Кавасаки сымал синдрому коронавирус менен ооругандан кийин, же сепсистен кийин пайда болот. Анда биринчи кезекте жүрөк системасы, тери системасы жабыркап, баш ооруп, деги эле симптомдору көп болот», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар