00:22
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

УКМК депутат Кубанычбек Жумалиевди кармады

Коррупцияга шектелип депутат Кубанычбек Жумалиев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кубанычбек Жумалиевдин жана Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин катышуусу менен, Эл аралык медициналык университетине билим берүү ишмердүүлүгүнө карата лицензия берүүдөгү туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Маалыматта, Кубанычбек Жумалиев билим берүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун сүрөө үчүн кысым көрсөтүү жана алардын саясий таасирин пайдалануу менен, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча лицензияны мыйзамсыз алгандыгы аныкталды.

​Мындан тышкары, Кубанычбек Жумалиевге байланыштуу адамдары тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана салык төлөөдөн баш тартуу мыйзамсыз баюу фактылары, ошондой эле аффилирленген жактар жана ишкердик субъекттерианыкталды.

​Учурда 78ге жакын кыймылсыз мүлк объекттери жана ар кандай компаниялар, алардын катарында К. Жумалиевге мурда менчиктештирүү жолу менен жеке менчикке алынган анын туугандарына жана аффилирленген адамдаргатаандык «Таатан», «ГОИН» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, Темир жана болот завод, телерадиокомпания аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар