USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Алмазбек Атамбаев абакта 7-апрелге чейин калтырылды

17:44, 04 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 4-февралда Бишкектин Биринчи май райсотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болуп өттү.

Жараяндын жүрүшүндө экс-президенттин бөгөт чарасы каралды. Жактоочулар сотко Алмазбек Атамбаевди үй камагына бошотуу өтүнүчүн келтиришти. Бирок сот адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Соттун чечими менен мурунку президент Алмазбек Атамбаев дагы эки айга 2021-жылдын 7-апрелине чейин камакта калмай болду.

Адвокат Замир Жоошев бул маселе боюнча чечим атайылап создуктурулуп келгенин билдирди. Атамбаевдин абакта отурганына бир жылдан ашты, мурунку президент ден соолугунун абалына байланыштуу акыркы убактарда соттук отурумдарга келүүдөн баш тартууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика