USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Би-би-синин продюсеринин күйөөсү Арслан Койчиев Садыр Жапаровго кеңешчи болду

14:08, 03 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

BBC кыргыз кызматынын мурдакы журналисти Арслан Койчиев президент Садыр Жапаровго кеңешчи болду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Арслан Койчиев 1996-2010-жылдары Би-би-синин кыргыз кызматынын продюсери болуп иштеген. Бир нече тарыхый чыгармалардын автору. Анын эмгектери кыргыз, англис жана орус тилинде жарык көрдү.

Арслан Койчиев Би-би-синин кыргыз кызматынын жетекчиси Гүлнара Касманбетованын сиңдиси, Би-би-синин продюсери Айчолпон Койчиеванын күйөөсү. Президенттин администрациянын жетекчиси Сүйүн Касманбетов алардын агасы болот.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика