07:37
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Алкогол ичимдиктери кымбаттайт

Кыргызстанда алкоголдук продукцияга акциз салыгынын чени көтөрүлт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай көрүнүш акциз ставкаларын жөнгө салуу үчүн ЕАЭБ алкагында жыл сайын кайталанат.

Акциздер арак жана арак-ликер өндүрүмүнө 100 сомдон 120 сомго чейин жогорулады. Ал эми 2022-жылы 140 сомго, 2023-жылдан тарта 160 сомго чейин көтөрүлөрү айтылды.

Этил спиртинин литрине акциздин ставкасы 120 сомду түздү, буга чейин 100 сом деп бекитилген болчу. Кийинки эки жылда салык 20 сомго жогорулап отурат.

Коньяктын литрине акциз салыгы 70тен 80 сомго чейин өстү. 2022-жылы — 90, 2023-жылы 100 сом болору белгиленди. Ал эми алкоголу аз суусундуктардын чени литрине 200 сом боюнча калды.

Эң көп окулган жаңылыктар