00:11
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Индияда көп кабаттуу үйлөрдө таза суу ордуна спирт ичимдиги аккан

Индиянын Триссур шаарында көп кабатту үйлөрдүн биринде таза суунун ордуна ликер менен суунун аралашмасы ага баштаган. Бул тууралуу РИА Новости агентиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, биринчи үйдө алкоголдун жыты туруп андан кийин суу чыгуучу түтүктөрдөн ага баштаган. Он сегиз үй-бүлө өкмөткө таза суу жоктугун жана жуунуга мүмкүн болбой жатканын айтып даттанышкан.

«Алты жыл мурун ал курулуштун жанында эс алуучу жай болгон. Кийин жабылып бардык спирт ичимдиктери конфискацияланган. Өткөн жумада жок кылууга уруксат алган кызматкерлер баарын эс алуучу жайдын жанына көмүп салышкан. Жыйынтыгында 6 миң литр алкоголь суу менен камсыз кылуучу өтмөктөргө кирип, суу менен аралашып, элдерге тарай баштаган», — деп маалыматта айтылат.

Учурда өкмөт жабыркагандарга таза суу жеткизип, түтүкчөлөрдү тазалап башташты

Эң көп окулган жаңылыктар