07:06
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Жашы жете электерге энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салынды

Кыргызстанда жашы жете электерге энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу мыйзам долбоорго президент Алмазбек Атамбаев кол койду. 

Мыйзамга ылайык төмөнкү жайларда спирттик ичимдиктерди жана энергетикалык суусундуктарды сатууга болбойт:

— Бала бакча, билим берүү мекемелери жана ага жакын аймакта, медициналык мекемелерде;

— Коомдук транспортто;

— Маданият, спорт борборлорунда;

— Ири иш чаралар өткөрүлгөн жерде, аскердик аймакта, унаада, колдо, чатырда.   

Эң көп окулган жаңылыктар