18:40
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ИИМ: Балдарга карата сексуалдык ыдыктын жарымы үйүндө же конокто жасалат

Кыргызстанда сексуалдык зомбулуктан жабыр тарткан жашы жете электердин 80 пайыз тааныштары жана туугандары тарабынан жасалат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

ИИМ балдарга карата сексуалдык ыдыктын жарымы үйүндө же конокто жасаларын белгилейт.

Милиция кызматкерлери балдарды коргоо үчүн төмөнкү эрежелерди үйрөтүүнү сунуштайт:

-«Жок» деп айтканды үйрөн«. Өзүндү сыйла. Өзүңдүн макулдугуң жок сенин денеңе эч ким жолоого укугу жок. Ким тийишип мындай көрүнүштү жасоого аракет кылып жатса ал боюнча бардыгына айтуудан уялба.

-Белгилүү каттам менен үйгө жет. Зарылчылык жаралган учурда такси кызматын чакыр, жолдогу унаага отурба;

-Подьездге, лифтке кирүүдөн мурда тегерегиңди кара, тааныш эмес адам менен кирбе;

-Эгерде кимдир бирөө сага кысым көрсөтүп, сага жакпаган нерселерди жасаганы жатса, «Жок» деп айт. Бул жөнүндө ишенимдүү улуу адамдарга айтып бер.

-Бейтааныш адамдар сунуштаган суусундуктарды ичпе;

-Каякка бара жатканы, качан келээри жана качан байланышыш керектиги тууралуу жакындарына билдирип тур;

-Эркек адамдар менен жалгыз калуудан алыс бол, алар туугандарың болсо дагы. Үйгө ата-энелериңер жок эркек адамдарды киргизүү коркунучтуу;

-Түнкү маалда көчөдө жана конокто карманба;

— Башка бирөөнүн унаасына, кошунаңдыкы болсо дагы отурба;

-Өзүңдүн коопсуздугуңа кам көрүүгө укуктуусуң!

Жардам номурлары: 102-милиция кызматы, 112-112 кызматы, 111-балдар үчүн ишеним телефону.

Эң көп окулган жаңылыктар