00:47
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Архивдик документтерди сактоо эрежелерин бузгандар үчүн айып салуу сунушталууда

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Жазык-процесстик кодексине, КРнын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун экинчи окуудан карады.

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Тилек Батырканов берди. Мыйзам долбоору мекеме жана мамлекеттик архивдерге кабыл алынган архивдик документтерди мамлекеттин, коомдун кызыкчылыгы үчүн сактоону жана көп жолу пайдаланууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Архивдик документтерди түзүү, каттоо жана сакталышын камсыздоо эрежелерин бузгандыгы, ошондой эле архивдик документтерди жоготуп, тытып, же мыйзамсыз жок кылгандыгы үчүн айып салуу сунушталууда.

Комитет төрайымы Наталья Никитенко мыйзам долбоору тарабынан архивдик документтердин түп нускасын алууга тыюу салынаарын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар