02:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ири курулуш компаниясы мыйзамсыз үй салганы аныкталды

Бишкекте курулуш компаниялардын бири мыйзамсыз түрдө курулуш жүргүзгөнү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ири курулуш компаниясын көп жылдан бери курулушка уруксат берүүчү, анын жүрүшүн көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардагы жооптуу адамдар калкалап келген.

УКМК белгиленген ченемдерди бузуу менен мыйзамсыз орнотулган объектилер курулуш-монтаждоо иштери үчүн зарыл болгон инженердик тармактарга мыйзамсыз кошулганын маалымдайт.

«Жооптуу жогорку кызматтагы кызматкерлер жана курулуш компаниясы тарабынан жасалган мындай аракеттер келечектеги жашоочулардын ден-соолугуна, ошондой эле жакын жайгашкан турак үйлөргө техногендик кырсыктын жогорку тобокелдиктерин жаратат. Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн жайгашуусу боюнча макулдашуунун жоктугу Бишкек шаарынын экологиялык абалынын курчушуна, абада чаңдын көбөйүшүнө алып келет», — деп айтылат маалыматта.

Мыйзамга ылайык, белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузуу менен курулган имараттар курулуш компаниясынын эсебинен түрттүрүлүшү керек. Жашоочуларга кенемте төлөнбөйт.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.
Эң көп окулган жаңылыктар