12:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мектеп толугу менен курулган эмес. Компаниянын башкы директору кармалды

Нарын облусунда мектептин курулушун толугу менен бүтүрбөгөн курулуш компаниянын башкы директору менен капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандарга мамлекетке чыгым келтирди деген айып коюлууда.

Жумгал районуна караштуу Ак-Татыр айылындагы мектептин курулушу 2016-жылдын ноябрында аякташы керек болчу. Ага чейин Нарын облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгы жана «Авангард-Строй» ЖЧК тендердин жыйынтыгы менен келишим түзүшкөн. Долбоор 64 миллион 844 миң сомго бааланган. Бирок, курулуш компаниясы мектептин курулушун бүтүргөн эмес.

Мамлекетке келтирилген чыгым 8 миллион 143 миң 716 сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар